Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин бүгүнкү маалымдоосуна караганда, агенттиктин кызматкерлери 21-августа Бишкекте 27 жаштагы Б.Атбасаровду кармап, андан 4.5 киллограм ооган чарсын алышты. Ошол эле күнү Ош шаарында 35 жаштагы С.Элмуратов кармалып, андан да 1.7 киллограмм ооган чарсы алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат жана алынган баңгизаттын баасы 500 миң сомдон ашуун деп бааланууда.(AiT)