Шотландиянын парламенти ливиялык террорчунун абактан бошотулушун талкуулоо үчүн бир аптага эрте чогулду. 1988-жылы Локерби шаарчасында америкалык жүргүнчү учактын жардырылышына тийешеси бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Абделбасет ал-Меграхи өткөн аптада Шотландиянын соту тарабынан бошотулуп, Ливияга кайтып келген. Аны өз өлкөсүндө баатыр катары тосуп алышты. АКШ ал-Меграхини бошотуу чечимин кескин сынга алды. Локербидеги жардыруудан улам 270 киши набыт болгон.