Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкө башчысы Курманбек Бакиев кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүнөн кийин бүгүн ишке чыгып, премьер-министр Игорь Чудиновду кабыл алуусу мүмкүн. Айрым бир маалыматтарда айтылгандай, президент К.Бакиев кыска мөөнөттөгү эс алууга 10-августтан 23-августка чейин чыккан. Кечээ ал мамлекеттик резиденцияда иштеген. (AJ)