Бүгүн Бишкек-Нарын автожолундагы Кубакы бели аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортторго 25 жылдан кийин уруксаат берилмекчи. Маалыматтарга караганда Кубакы ашуусу аркылуу азырынча 16 орундуу жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга гана урусаат берилет. Аталган ашууда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жол кырсыгына көп учураганынан улам өткөн кылымдын 80-жылдары автобустардын каттамына тыйуу салынган. (AJ)