Америкалык айтылуу ырчы, поп –музыканын жылдызы Майкл Жексондун өлүмүнүн себеби орууну басаңдатуучу пропофол дарысын ашыкча дозада алгандыгында. Бул тууралуу ушул дүйшөмбү күнү сотко берилген документтерде айтылат. Майкл Жексон быйыл 25 –июнда, 50 жаш курагында жүрөгү токтоп, каза тапкан. Ырчынын көзү өткөндөн бери тиешелүү мекемелердин тергөөчүлөрү Майкл Жексондун жеке врачы Конрад Маррейдин аракеттерине көңүл бурушууда. Соттук материалдарда айтылган маалыматтарга караганда, июль айында дарыгердин үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.