Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Түндүк Корея АКШнын чабарманын чакырды


Пхеньян АКШнын Түндүк Корея менен алаканы тейлеген расмий өкүлүн өзүнүн өзөктүк курал программасына байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн келерки айда келүүгө чакырганын Түштүк Кореянын маалымат каражаттары билдиришти. Алардын кабарына караганда, Стефан Босфорс баштаган делегация Түндүк Корея боюнча токтоп калган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү талкуулоо үчүн Пхеньяндан мурда Түштүк Корея, Жапония, Кытайга барат. Эгер америкалык дипломат Түндүк Кореяга чын эле барса, бул президент Барак Обаманын администрациясы менен расмий Пхеньяндын ортосундагы алгачкы эки тараптуу сүйлөшүү болот. АКШнын Түштүк Кореядагы элчилигинин өкүлдөрү бул маалыматты комментарийлешпеди.

XS
SM
MD
LG