Бул тууралуу Шотландиянын юстиция министри Кенни Макаскилл билдирди. Анын айтымында Ливия Локерби жардыруусу үчүн соттолгон жараны бошотулганда, аны төмөнкү деңгээлде тосуп алуу жөнүндөгү убадасын бузду. Бирок шотланд министри өз өкмөтүнүн Ливияда баатыр катары тосулган Абдель Басет аль- Меграхини абактан чыгаруу жөнүндөгү чечиминин тууралыгын коргоду.
АКШнын администрациясы жана Локерби жардыруусунда каза тапкандардын жакындары кескин сынга алган чечимин шотланд бийликтери боорукерлик катары түшүндүрүштү. Анткени алардын айтымында, камактан бошотулган аль- Меграхи абдан катуу орулуу жана өлүм алдында турат.
1988-жылдын 18-декабрында Пан Американ авиакомпаниясынын учагы Шотландиянын Локерби шаарынын үстүнөн жарылган. Анда каза тапкан 270 адамдын басымдуу бөлүгү америкалыктар эле. Бул жардырууга тиешеси бардыгы үчүн 2001- жылы Ливиянын жараны Абдель Басет аль- Меграхи Шотландияда өмүр бою кесилип, сегиз жылдан бери жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал абактан өткөн аптада чыгарылды. Абдель Басет аль – Меграхи Локербир жардыруусу үчүн сотолгон жалгыз адам эле.