Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

АКШда атайын прокурор ЦРУнун укук бузууларын иликтейт


Өлкөнүн юстиция министри Эрик Холдер тарабынан дайындалган атайын прокурор Борбордук чалгын кызматынын тергөөчүлөрү Ирак менен Ооганстанда кармалып, террорчулукта шектелгендерди суракка алууда кызматынан кыянат пайдаланып, аларга катаал мамиле жасаган деген маалыматтарды кеңири масштабда иликтөөнүн зарылдыгы бар же жок экендигин аныктоосу керек. АКШнын юстиция министри бул милдетти Башкы прокуратуранын жогорку даражалуу өкүлү Жон Дюрхемге жүктөдү.

Бул аралыкта америкалык расмий өкүлдөр президент Барак Обама террорчулукта шектелгендерди суракка алуу үчүн тергөөчүлдөрдүн элиталык жаңы бирикмесин түзгөнүн жарыялашты. Ал топ Ак үйдүн түздөн –түз көзөмөлү астында болот. Бул кадамдар - АКШнын азыркы администрациясынын мурдагы президентЖорж Буштун учурунда жүргүзүлгөн антитеррордук чаралардын мурасынан арылуу боюнча соңку аракеттери.

XS
SM
MD
LG