Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Укук коргоочулар: Абактагылардын сабалганы чын


Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын №1 тергөө абагында бүгүн болуп келген укук коргоочулар Азиза Абдырасулова жана Асия Сасыкбаев ал жердеги Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловдун сабалганы тууралуу маалыматты тастыкташты. Укук коргоочулар менен атайын прокурор Кубан Мамакеев да болгон. Бирок ал жабыркагандарды соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү чечимин чыгаруудан баш тарткан. Укук коргоочулардын кийлигишүүсүнөн кийин Э.Бүлекбаев, С.Аргымбаев жана У.Рыскулов жеке камераларга которулган. Бирок ал жерде да алардын коопсуздугуна кепилдик жок. Ошондуктан укук коргоочулар бул үч жарандын коопсуздугун камсыздоо жана укугун коргоо багытында ишин улантаарын билдиришти. №1 тергөө абагында Акыйкатчы да бүгүн болуп, Сапар Аргымбаевдын денесинде көгалаларды байкаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG