Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү министринин орун басары Үмүткан Тыналиева маалым кылды. Анын айтымында, мектепке тартылбай калган балдардын расмий саны аз чыгып жатканы чындык, бирок каттоого алуу ички миграциянын эсебинен кыйынга турууда. Буга негизинен ата-энелер өзүлөрү күнөөлүү болуп жатат.
Учурда мектепке барбай калган балдардын расмий саны эки миңдин тегерегинде. Алардын дээрлик көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет.
Учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жашаган жери боюнча катоосу жоктугуна карабай борбордогу мектептерге окуучуларды кабыл алуу жобосу иштелип чыгып, Бишкек шаарынын баардык мектеп директорлорунун колуна тийген. (SA)