Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Ооганстан: шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды


Бүгүн Ооганстанда президенттик шайлоонун 10 пайыздай бөлүгүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды. Борбордук Шайлоо комиссиясынын бул жыйынтыкка негизделген алдын-ала маалыматы боюнча, 20-августта өткөн шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзай 41 пайыз добушка ээ болгон. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла 39 пайыз добуш алган. Шайлоонун жалпы жыйынтыгы 3-сентябрда чыгаары күтүлүүдө. Карзайдын тарапкерлери президент 70 пайыз добуш менен жеңишке ээ болду деп ырастаса, Абдулла Абдулла шайлоо одоно бурмалоолор менен өткөнүн билдирди. Эгерде талапкерлердин эч кимиси 50 пайыздан ашык добушка ээ болбосо, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG