Саясий куугунтукка каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев октябрь айында ЕККУнун жылдык жыйынына Кыргызстандан төрт-беш укук коргоочу барып катышарын “Азаттыкка” билдирди. Анда Кыргызстандын демократиялык багыттан тайып тоталитардык режимге өтүп баратканы, саясий куугунтуктун күч алышы, адам укуктарынын тебелениши, президенттик шайлоонун одоно мыйзам бузуулар менен коштолгону, сөз эркиндигине кысым күчөгөнү тууралуу доклад жасалып, эл аралык коомчулукка ачык айтылат”,-дейт Тургуналиев. “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрү оппозициянын дооматтарында негиз жоктугун, президенттик шайлоо эл аралык нормалардын алкагында, мыйзамдын чегинде өткөндүгүн айтышууда. (AJ)