Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Венесуэла Колумбия менен мамилесин үзүүгө даяр


Өлкөнүн тышкы иштер министрине Колумбия менен мамилени үзүүгө даярдана баштоого көрсөтмө бергенин президент Уго Чавес билдирди. Чавес белгилегендей, Колумбиянын азыркы өкмөтү менен мамилени оңдогудай “эч мүмкүнчүлүк жок”. Аталган эки өлкө бир нече аптадан бери АКШ менен Колумбия ортосундагы сүйлөшүүгө байланыштуу касташууда. Ал сүйлөшүүлөргө ылайык АКШнын Колумбиядагы аскерий туруму чыңдалып, Вашингтон он жылга эсептелген ижара келишиминин негизинде Колумбиянын жети аскерий базасын пайдаланууга мүмкүндүк алат. Богота менен Вашингтондогу расмий өкүлдөр мындай макулдашуу Колумбиянын коопсуздук күчтөрүнө наркосоодага жана солчул козголоңчуларга каршы күрөштө натыйжалуу жардам көргөзүлүшү үчүн зарыл экенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG