Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Литва ЦРУнун түрмөсү тууралуу маалыматты иликтейт


Президент Даля Грибаускайтенин билдиргенине караганда, иликтөөнү парламенттин атайын комиссиясы жүргүзөт. Башкаала Вильнюстан анча алыс эмес жердеги жашыруун түрмө жөнүндө өткөн аптада АКШдагы Эй-Би- Си телеканалы кабарлаган. Телеканалдын маалыматына караганда, “аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бардыгы үчүн шектелген адамдардын сегиздейи кармалган ал түрмө төрт мурда жабылган.

Литва – Евробиримдиктин аймагында ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү болгон деген үчүнчү өлкөсү. Мурда мындай маалыматтар Польша, Румынияга байланыштуу айтылган. АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жашыруу түрмөлөрүн жайгаштырышкан деген айыптоолорду аталган үч өлкө тең четке кагышат.

XS
SM
MD
LG