Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

Чүйдө паспорттук текшерүү жүргүзүлүп жатат


Бул тууралуу Аламүдүн райондук ИИБнын башчысы Канат Жумагазиев билдирди. Анын айтуусунда бул кылмыштуулуктун алдын алуу максатында дээрлик күн сайын жүргүзүлүүчү иш-чарага кирет. Аламүдүн РИИБнүн жетекчиси билдиргендей паспорттук текшерүү мурунку күндөрү Аламүдүн, Ленин, Маевка айылдарында жүргүзүлгөн. “Анткени демейде бул айылдарда ар кайсы жактардан келген, катталбай жашап жаткан адамдар көп. Ошондуктан, аларды, кээ бир шарттуу кесилгендерди текшерүү, мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдү табуу максатында бул иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Участкалык милициялар жетишпегени үчүн милициянын патрулдук кызматкерлерин кошумча тартылган,” –деп билдирди Канат Жумагазиев.

Буга чейин “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова Аламүдүн районуна караштуу Кырман жаңы конушунда милициянын патрулдук кызматкерлери колдорунда эч кандай буйругу жок паспорттук текшерүү жүргүзүп жаткандыгын “Азаттыкка” маалымдаган. Анын айтуусунда милиция кызматкерлери атайын буйруксуз тургундарды үйлөрүнө барып, алардын паспортторун текшерүүгө укугу жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG