Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Көмүргө карыздар жоюлат


Бюджеттик мекемелердин көмүр ишканаларына болгон карызын жоюунун иш-чараларын иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Мындай тапшырма 1-вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов өткөргөн чакан жыйында өкмөткө берилди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай жумушчу топтун курамына каржы министрлигинен, салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинен өкүлдөр кирет. Топко энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министрлиги жетекчилик кылмакчы.

Бюджеттик мекемелердин көмүр казуучу ишканаларга канча карызы бардыгы тууралуу маалыматта айтылган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG