Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

31-августта аскердик парад болбойт

Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын вице-мэри Элмира Иманалиева журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү борбор калаанын Ала-Тоо аянтында эки бөлүктөн турган майрам уюштурулат. Күндүзгүсү саат 10:00дон 13:00 чейин. Кечкиси саат 19:00дан 22:00 чейин болуп, анда эстрада ырчылары шаардыктарга майрамдык концерт тартуулашат. Вице-мэрдин айтуусунда майрам күнү Эски аянтта айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жана башка буюмдарды сатуу жарманкеси болушу да күтүлүүдө.

31-август Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болгон күнү катары 1991-жылдан бери майрамдалып келет. Бул күнү майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.(ZKo)
XS
SM
MD
LG