Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Балыкчыда камалгандар боюнча Акыйкатчынын комиссиясы иштеп жатат


Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда комиссия иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктары боюнча Балыкчы окуясында эки тараптын тең күнөөсү бар: “Биринчиден, шайлоо күнү элдин кыйкырып, тополоң уюштурганы туура эмес. Экинчиден, милиция менен коопсуздук кызматкерлери алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп жибергени да орунсуз,” –деп маалымдаган Акыйкатчы учурда Балыкчы окуясы боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу ачык айтылбасын кошумчалады.

23-июлда болгон президенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктарга нааразылык билдирген 14 адамга шайлоону өткөрүүгө бут тосууга аракет кылды, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттарынын арызы Балыкчы шаардык соту, андан кийин Ысык-Көл облустук соту тарабынан четке кагылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG