Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек бүгүн президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болду. Президент андан «KG» домендик зонасын башкаруу жана кайра түзүү боюнча маалымат алды. Мындан тышкары жолугушууда "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбектин эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга катышуусу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Алсак, 9-10-сентябрда Ереванда өтө турган Өндүрүштүк менчик боюнча мамлекет аралык кеңештин жана 1-октябрда Женевада өтө турган Интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык уюмдун жыйынында көтөрүлө турган маселелер боюнча өлкө башчысына маалымат берилди.
Буга чейин "Кыргызпатенттин" жетекчиси Улан Мелисбекке патенттик ишенимдүү өкүлдөрдөн акча талап кылып, кызматтык ордун кыянаттык менен пайдаланып жатат деген айып коюлган. Ага интернетте "Кыргызпатенттеги" жыйындын аудиокөчүрмөсү жана стенограммасы себеп болгон.
Аудио көчүрмөнү интернетте жарыялады деп айыпталып жаткан, каттоо номери №27 А.М. Вандаев ушул эле күнү патенттик ишенимдүү өкүлдөр тизмесинен чыгарылды.
Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптап келет. Муну жалганга чыгарган "Кыргызпатенттин" башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө. (EK)