“Быйыл өлкө аймагындагы мектептерден жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан 212 окуучуну Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Илим”, “Улан” аттуу балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборлордо бекер эс алдырдык”,-деп билдирди Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева “Азаттыкка”, Анын айтымында, мурда жетим балдар жана турмушу начар үй-бүлөлөрдүн балдарын жайкысын эс алдырып, ар кандай жардамдар берилип келсе, быйыл зээндүү, таланттуу балдарга колдоо көрсөтүлдү. (AJ)