Каржы полициясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай 58 баш кой салынган автоунаа кечээ Араван районундагы кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган. Автоунаанын ээси Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Ал буга чейин май айынын башында эле чек арадан өтүп, койлорун Өзгөн районундагы Кара-Дөбө жайлоосунда багып келген. Күз алдында кайра мекенине кайтып бара жаткан өзбекстандык чабанды Каржы полициясынын түштүк башкармалыгынын кызматкерлери кармашкан.
Өзбекстандык чабандын аракетине КР кылмыш-жазык кодексинин 204 – беренеси боюнча “аткезчилик” деген айып менен кылмыш иши козголду.
Түштүктөгү айрым бейөкмөт уюмдардын белгилөөсү боюнча кыргыз-өзбек чек арасынан ээн-эркин өтүп, мал-койлорун Кыргызстандын жайыттарында баккан өзбекстандык чабандар ондоп кездешет.(ZKo)