Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Авиа кырсык боюнча сот жараяны жылдырылды


Буга айыпталып жаткан учкучтардын бири Тимофей Водолагиндин адвокатынын келбей калгандыгы себеп болду. Сот жараяны эми 3-сентябрда уланмай болду. Буга чейин 14-августта Биринчи май райондук сотунда бул кырсык боюнча сот жараяны башталып, жабырлануучулардын жактоочусу Ирина Синельникованын материалдар менен толук таанышып чыгуу өтүнүчүнөн кийин сот иши 27-августка жылдырылган эле.

Авиакырсык боюнча “Боингдин” учкучтары Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча айыпталууда.

Өткөн жылы 24-августта Бишкек-Тегеран каттамы боюнча “Итек-Эйр” компаниясына таандык “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынын жанында кырсыкка учурушанынан 65 адам мерт болуп, 22 адам жаракат алган. Учактын экипажы толугу менен аман калып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG