Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Шри-Ланка Британ сыналгысынын тасмасын четке какты


Британ сыналгысында ушул жумада көрсөтүлгөн видео тасмада Шри-Ланка аскерлери тамил туткундарын атып өлтүргөнү тартылган. Анда аскер формасын кийген киши жылаңач, колу, көзү байланган кишини атат, жанында дагы сегиз кишинин өлүгү жаткандыгын көрүүгө болот. Бул тасманын канчалык чын экенин аныктоо мүмкүн эмес. Шри-Ланканын өкмөтү аны "жасалма тасма" деп четке какты. Эл аралык Мунапыс уюму үстүбүздөгү жылы аяктаган согуштагы кылмыштарды иликтөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG