Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Казакстанда укук коргоочунун соту жылдырылды


"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, Алматы облусундагы Баканас шаарында белгилүү активист Евгений Жовтисттин үстүнөн сот иши бир нече мүнөткө созулуп, айыпталуучунун адвокаты келбегендиктен 2-сентябрга калтырылды. «Адам укуктары бюросунун» жетекчиси өткөн айда жолдо машинасы менен киши коюп кеткен эле. Жолоочу ошол жерден көз жумган. Биринчи текшерүүдө Жовтисттин канынан алкогол табылган эмес, бирок бир нече күндөн кийин кайра текшерүү жүргүзүлүп, «канында алкогол болгон» деген жыйынтык чыгарылган. Укук коргоочулар Жовтистке анын кесибине байланыштуу кысым көрсөтүлүп жаткандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG