Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Ооганстанда коркунучтун деңгээли өстү


Өлкөдө жайкын калктын коопсуздугу үчүн туулган коркунучтун деңгээли 2001-жылы Талибан режими кулагандан бери эң жогорку деңгээлге чыканы тууралуу Эл аралык Мунапыс уюму билдирди. Укук коргоочу бул уюмдун пикиринде, эң чоң коркунучту өкмөткө каршы куралдуу топтор, өзгөчө Талибан кыймылы жаратууда.

Ооганстандагы терракттар менен кол салуулардын саны кийинки учурларда көбөйүп, өзгөчө 20-августтагы президенттик шайлоо алдында жана андан кийин күчөдү. Ушул аптада Кандагардагы жарылуудан 43 адам мерт болду. Ал эми кечээ Пактика провинциясында эл аралык жана жергиликтүү күчтөр талибдер ээлеп алган оорукананы чабуул жасоо менен бошотушту. Уруш учурунда Талибандын 12 согушкери жок кылынып, америкалык 1 аскер каза тапты.

XS
SM
MD
LG