Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Ноокат окуясы укук коргоочулардын назарында


“Ноокат окуясы боюнча абактарга камалышкан 32 адамды тиешелүү кызматтагылар колдоруна кагаз, калемди күчтөп беришип, кылмыш жазасынан куткаруу үчүн президенттен кечирим сурап жазууга мажбурлап жатышат”,-деп билдирди “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абыдрасулова “Азаттыкка”. Бул туралуу тиешелүү органдар менен азырынча байланыша алганыбыз жок. Өткөн жылы 1-октябрда Ноокатта орозо айт күнү баш аламандык болуп, райадминистрациянын терезесинин айнектери талкаланган. Буга байланыштуу 32 адам кармалып, 19-майда Жогорку Сот тарабынан алардын көпчүлүгүнө өлкөдө чектөө салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү, тополоң уюштурган делип айып тагылып 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG