Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

АКШ ракетадан коргонуу планынан айныган жок


Президент Барак Обаманын администрациясы АКШ ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда орнотуу планын токтотуп жатат деген маалыматтарды төгүндөдү. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроули Польшанын “Gazeta Wyborcza” басылмасындагы кабарды “так эмес” деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Обаманын администрациясы ракетадан коргонуу стратегиясын кайра кароону аяктай элек.

Поляк гезитиндеги макалада АКШ Польша менен Чехиядан баш тартуу менен ракетадан коргонуу боюнча жабдууларын жайгаштыруучу альтернативалуу жай катары Түркия менен Израилди караштырып жатканы айтылган.

Ракетадан коргонуу планын мурдагы президент Жорж Буштун администрациясы баштап, муну Иран сындуу өлкөлөрдүн ыктымал ракета атууларынан коргонуу зарылдыгы менен түшүндүргөн болчу. Бирок планга Орусия катуу каршы чыгып, андай жабдуулар Чехия менен Польшада орнотулса, жооп чара көрөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG