Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

НАТОнун жаңы башчысы Исламды урматтайт

Адамдардын “диний сезимин терең урматтаары” жана Исламды дүйнөнүн улуу диндеринин бири ирээтинде карары жөнүндө Андерс Фог Расмуссен кечээ Түркияда айтты. НАТОнун башкатчылыгына 1-августа киришкен Расмуссен уюмга мүчө жалгыз мусулман өлкөгө бул кызматтагы алгачкы сапары менен кечээ келди.

Даниянын мурдагы премьер- министри Расмуссендин НАТОнун башкатчылыгына дайындалуусуна Түркия башында каршы чыккан. Түркиянын каршылыгы ал 2005-жылы даниялык гезиттин Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялоо чечимин колдогонуна байланыштуу эле. Алгач даниялык гезит басып чыккан ал карикатуралар мусулмандар арасында катуу нааразылык жараткан.
XS
SM
MD
LG