Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

К.Бакиев Манап бийдин эстелигин ачууга катышты


Бүгүн Токмок шаарында Манап бийге курулган эстеликтин ачылышы болду. Ага мамлекет башчысы Курманбек Бакиев катышып сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Манап бий кыргыз элинин эркиндиги жана жаркын келечеги үчүн өмүрүн арнаган чыгаан мекендештерибиздин катарын толуктап турган тарыхый инсан экендигин белгилеген. «Бул айкел — кыргыз элинин эркиндиги, жаркыраган келечеги үчүн күрөшкөн улуу бабаларыбызга тургузган эстелик. 16-кылымда боордош казак эли менен бирдикте Манап бий кыргыз, казак жергесинен калмактарды сүрүп чыгууда зор роль ойногон. Бул эстелик — тарыхта өчпөс из калтырган бабаларыбызга таазим», — деди К.Бакиев. Манап бий 1619-1625 жылдары жунгарларга каршы күрөштө кыргыз жана казак аскерлеринин кол башчысы болгон. Тарыхчылардын маалыматы боюнча 1625- жылы Иле дарыясынын жээгинде кагылышууда жунгарлар аскерлери талкаланган. Бирок Манап бий жарадар болуп, каза тапкан.(AiT)

XS
SM
MD
LG