Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

БУУ качкындардын балдарына жардам берди


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иштери боюнча агенттиги Кыргызстанда жүргөн бозгундардын жүз элүүдөй баласына жаңы окуу жылына карата материалдык жардам берди. Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Салима Исмаилованын айтымында, башка өлкөгө башпаанек издеп келген ата-энелердин балдары окуу жактан көп учурда өксүп келишет. Ошондуктан БУУнун аталган агенттиги атайын класстарды уюштуруп, окуусун улантууга ар тараптан көмөктөшүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG