Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Ирандын президенти оппозицияны жазалоо зарыл деди


Махмуд Ахмединежад бул билдирүүсүн бүгүн жума намазга чогулган миңдеген адамдардын алдына чыкканда айтты. Ал 12-июндагы шайлоодон кийинки демонстрацияларда кармалган оппозициянын өкүлдөрү эле эмес, оппозициянын азырынча эркиндикте жүргөн лидерлерине каршы да чаралар көрүлүшү зарыл деп айтты. Ахмединежад ким жөнүндө айтып жатканын тактаган жок, бирок өткөн президенттик шайлоону мурдагы президент Мухаммад Хатаминин колдоосун алган талапкерлер Мир Хусейн Мусави менен Махди Каруби «мыйзамсыз» деп аташкан. Иранда шайлоодон кийин 140 ашуун адам нааразылык билдиргени үчүн түрмөгө отургузулган.

XS
SM
MD
LG