Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Шийи лидери Ал-Хакимдин сөөгүн Карбалага коюшат

Ирактын лидерлери бүгүн Багдаттын аба-майданына чогулуп, Тегерандан сөөгү алынып келинген шийи лидери Абдел Азиз ал-Хакимди зыяпаттап, күтүп алышты. Ал-Хаким эки күн мурда өпкө рагынан каза болгон. Ирактын эң ири шийи мусулмандар партиясын жана өлкөнүн Жогорку Ислам кеңешин жетектеп турган ал-Хаким өз мекенинен куулуп, 20 жылдай Иранда жашаганга мажбур болду. 2003-жылы Иракка америкалык аскерлер бастырып киришкенден кийин гана ал мекенине кайра кире алган. Анын сөөгүн эртең шийилердин ыйык шаары Карбалага көмүшөт.
XS
SM
MD
LG