Бүгүн миңдеген ирактыктар көчөгө чыгып, эки күн мурда Иранда өпкө рагынан каза тапкан шийи лидери Абдел Азиз ал-Хакимди эскериП сый көрсөтүштү. Хакимдин жаназасын Багдаттагы мечиттердин биринде окушту. Аны ишембиде түштүктөгү ыйык Нажаф шаарында жерге беришет. Ал Хакимдин денесин бүгүн эрте менен Тегерандан алып келишкен. Өлкөнүн лидерлери ал-Хакимди зыяпаттап, аба майданга чогулушкан эле.
Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики өз сөзүндө Хакимдин өлүмү Ирак саясатында “боштукту калтырды” деп айтты: “Диктатордук режим кулаганда, сиз жаңы Иракты куруп, саясий жараяндарды алга жылдырууну мойнуна алган адамдардын алдында турдуңуз эле”, - деп айтты Малики.
Ирактын эң ири шийи мусулмандар партиясын жана Ирактын Жогорку Ислам кеңешин жетектеп турган ал-Хаким өз мекенинен куулуп, 20 жылдай Иранда жашады. 2003-жылы Иракка америкалык аскерлер бастырып киришкенден кийин гана ал мекенине кайра кире алган.