22 килотон келген ядролук бомба «Биринчи чагылган» деп аталып, 1949-жылы, 29-августта Казакстандын түндүгүндөгү Семипалатинск сынак жайында жардырылган. Андан төрт жыл мурда Кошмо Штаттары Жапониянын эки шаарына атомдук бомба таштаган болчу. Кийинки 40 жылда Казакстанда жер астында жана абада 450дөн ашык ядролук сынак жүргүзүлгөн. Советтик бийликтер жергиликтүү тургундарды көчүрбөгөндүктөн, Семипалатинск аймагында сынак башталгандан кийин тубаса оорулуу болуп төрөлгөн балдар, рак, нейрологиялык оорулар көп болгон.