Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Президент 1-сентябрда парламентте сөз сүйлөйт


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, бул күнү парламенттин төртүнчү чакырылышынын сессиясы ырасмий түрдө ишин баштайт. Ага президент Курманбек Бакиев катышканы жаткандыктан имаратты кайтаруу күчөтүлүп, аккредитациядан өткөн журналисттер гана жыйындын ачылышына катыша алышат.

Эскерте кетсек, 25-августта президент К.Бакиев өз администрациясы менен жыйын өткөрүп, башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Анда президент, буга чейинки реформаларда башкаруу системасынын сырты гана бир аз өзгөрүп келгенин, бул жолку реформада баары жогу өзгөрөрүн айткан. 26-августта ал парламент төрагасы Айтибай Тагаев менен жолугушуп, Жогорку Кеңештин сессиясынын ачылышына катышуу ниетин билдирген. Андыктан, президент дал ушул 1-сентябрь күнү реформалар кандай болорун жарыялаары күтүлүүдө.

Ошентсе да бир катар саясат талдоочулар кардиналдуу өзгөрүү болоруна ишенбей турушат. (IJz)

XS
SM
MD
LG