Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Эртең эгемендик күнү


Бул күнгө байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында эгемендиктик күнү белгиленип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эртең саат 09:00дө президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда салтанаттуу жыйын өтөт. Жыйындын соңунда майрамдык концерт тартууланат. Андан соң президент “Ак кула” ат майданында өтүүчү Көк-Бөрү боюнча финалдык мелдешке барат.

Эгемендик күнүнө карата өтүп жаткан Көк-Бөрү боюнча мелдешке Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын тандалма командалары да келишкен. Бирок оюндун финалдык бөлүгүнө Бишкектин “Бөрүлү” командасы менен Талас облусунун тандалма оюнчулары чыгышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG