Президент Махмуд Ахмединежад сунуш эткен талапкерлерди депутаттар үч күндөн кийин колго салышат. Болочок өкмөттүн курамына 3 аялдын да ысымы киргизилди. Буга чейин Исламдык Иран жумуриятында аялдар өкмөттө болуп көргөн эмес. Министрлер боюнча талкуу Ахмединежаддын июнь айындагы шайлоодо жеңиши боюнча саясий талаш-тартыш уланып жаткан кезге туура келүүдө.