Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

К.Акматов: Эгемендикти баалай албай жүргөндөр көп


Кыргыз эл жазуучусу, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты, токсонунчу жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылынын тең төрагасы болуп турган Казат Акматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда эгемендикти жеткиликтүү баалай албай келаткан адамдар бар экенин, эгемендиктин алгачкы жылдары өлкө чындап эле демократиялык жолго түшкөнүн, бирок кийин аны Аскар Акаев бузуп таштаганын айтты.

“Азыркы бийлик да ошол Акаев бузуп кеткен нерсени сактап калды. Орусиянын таасири күчтүү болуп, биздин президент да орус башкаруучуларындай жана кошуналарындай авторитардуу болууга умтулуп кетти”,- дейт жазуучу.

Ошондой эле жазуучунун пикиринде, Кыргызстан эми гана эгемен мамлекет катары торолуп келатат жана анын келечекте демократиялык мамлекетке айланып кетишине үмүт чоң. (IJz)

XS
SM
MD
LG