Экинчи эл аралык “Айтыш” фестивалында баш байге үчүн эки талапкер: Аалы Туткучов менен Азамат Болгонбаев чыгышкан. Жыйынтыгында жеңишке Аалы Туткучов жетип, ага 200 миң сом байгеси бар баш байгени, Азамат Болгонбаевге 100 миң сом сыйлыгы бар 1-орун ыйгарылды. Айтышка 19 төкмө катышып, алтоо финалга чыкты. Казакстандан эки төкмө конок катары катышышты. Финалга чыккандарга 50 миң сомдон, катышуучуларга 5 миң сомдон президенттик сыйлыктар тапшырылды. Экинчи эл аралык “Айтыш” фестивалы 27-29-авгусста Ош улуттук драма тератрында өттү. (AzK)