Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Жапон премьери партиянын жетекчилигинен кетти


Дээрлик жарым кылымдан бери бийликте турган Либерал демократиялык партия кечээки шайлоодо оппозициялык Демократиялык партияга утулуп калган. Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары азырынча айтыла элек, бирок алдын ала жыйынтыктарга караганда, демократтар жапон парламентиндеги көпчүлүк орунду ээлешти көрүнөт. Шайлоодо утулуп калган Либерал-демократиялык партиянын лидери, өлкөнүн премьер-министри Таро Асо: "Мен бир топ партиялаш-кесиптештерим парламенттеги орундарынан айрылып калышканына чындап өкүнүп турам жана партиянын лидери катары буга өзүмдүн жеке жоопкерчилигимди да сезем, - деп айтты. - Ошондуктан мен Либералдык демократиялык партиянын башчысы катары кызматыман чегингим келип турат". Эки аптанын ичинде деморатиялык партиянын лидери Юкио Хатояма жумурияттын премьер-министри болоору күтүлүүдө. Ага дүйнөдөгү экинчи ири экономикадагы артка кетүүнү токтотуп, жумузсуздукту кыскартуу вазыйпасы жүктөлөт.

XS
SM
MD
LG