Кабарга караганда, өткөн ишембиде милиция куралчан адамдар жашынган деген үйдү курчап алышканда атышуу чыккан. Жергиликтүү тургундар төрт милиционер жарадар болгонун айтышты. Эки адам набыт болгону да айтылууда. Бирок окуя тууралуу эч жерде расмий билдирүү жарыяланган жок. Эртең Өзбекстанда эгемендик күнү белгиленет. Майрам бир канча күнгө созулаары айтылган.