Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Социал-демократтар Жогорку Кеңеште кала берет


Анткени аларды эл шайлаган, ошондуктан, элдин уруксатысыз мандаттарын таштап чыгып кеткени туура эмес деп билдирди партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка”. Социал-демократтар партиясы 23-июлдагы президенттик шайлоону жана анда көп добушка ээ болгон президент Курманбек Бакиевди легитимсиз деп таанырын билдирген. Айрым бийликчил саясий кыймылдар партия мындай билдирүүсүнөн кийин парламентте отурууга укуксуз, деп чыгышкан.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле кечээ партия мүчөлүгүн жана депутаттык мандатын тапшырып кеткен Мурат Жураевдин кадамын туура түшүнүү менен кабыл алгандыгын маалымдады. Социал-демократиялык партиясынын лидери мыйзам тааныбаган, элди сыйлабаган бийлик башкарып турган өлкөдө ар кандай окуялар болору мыйзам ченемдүү, мүмкүн ага да кысым болуп жаткандыр деп эсептейт. Алмазбек Атамбаевдин маалыматы боюнча Мурат Жураевдин ордуна парламенттик шайлоо тизмесиндеги кийинки талапкер Айбек Адыраңов социал-демократиялык партиянын атынан ЖКке депутат болуп келет.

Кечээ парламенттеги социал-демократтар фракциясынан жана ЖК депутаттыгынан баш тарткандыгын фракция мүчөсү Мурат Жураев “Азаттыкка” кабарлаган. Ал мындай кадамга баруусун партия жетекчилигинин саясатына кошулбастыгы түрткү болгондугу менен түшүндүрдү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG