Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Тажикстанда ресторандагы жаңжал териштирилүүдө


НАТОнун Тажикстандагы базасынын жетекчилиги Дүйшөмбү шаарындагы ресторанда француз жоокерлери менен ресторан кызматкерлеринин ортосундагы уруштун чоо-жайын териштире баштады. 29-августта түнүндө үч француз жоокери ресторандын кызматкерлери менен мушташа кетишкен. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Махмадулло Асадуллоевдин айтымында, жоокерлер ичкен тамагы үчүн акча төлөөдөн баш тартып, кетип баратканда ресторандын менеджери аларды токтотууга аракет жасаган. Бирок жоокерлер аны ур-тепкиге алган. Франциянын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жаңжалды биринчи болуп ресторандын кызматкерлери баштаган.

XS
SM
MD
LG