Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Генерал Маккристал Ооганстандагы кырдаалга баа берди


Ооганстандагы кырдаал өтө олуттуу жана эл аралык күчтөрдүн стратегиясын карап чыгууну талап кылат. Бул тууралуу НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы, америкалык генерал Стенли Маккристал билдирди. АКШ жана НАТОнун аскер өкүлдөрү үчүн даярдаган отчетунда генерал Маккристал негизги милдет – ооган калкын талиптердин чабуулдарынан коргоо болгонун билдирди. Азырынча Ооганстанга кошумча эл аралык аскер күчтөрү жиберилеби же жокпу белгисиз. Ушул тапта Ооганстанда 100 миңден ашуун чет элдик жоокер жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG