Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 20:48

Кытайдагы кыргыз элчиси ишеним грамотасын тапшырды


Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Кытайдагы Кыргызстандын элчиси Ж.Кулубаев КЭРдин төрагасы Ху Цзиньтаого 28-августа ишеним грамотасын тапшырды. Андан кийин уланган маекте тараптар кыргыз-кытай кызматташуусунун абалы жөнүндө сөз кылышкан. Кытайдын төрагасы эки мамлекеттин мамилеси туруктуу жана өнүгүү жолунда экенин белгилеп, терроризм, экстремизм жана жикчилдикке каршы күрөштө кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG