Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:37

Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын катуу күзөткө алды


Орусиялык “Интерфакс” маалымат агенттигинин билдиришинче, Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасына жергиликтүү тургундардан турган күзөт бекеттерди орнотуп жатат. Учурда мындай күзөт бекеттердин саны жүз кырктан ашты. Маалымат агенттик Кыргызстандын түштүгүндөгү бейөкмөт уюмдун маалыматына таянып жакынкы күндөрү мындай күзөт бекеттер үч жүзгө жеткирилерин кабарлады. Бул жараян “Өз үйүңдү өзүң корго” деп аталат. Кыргыз чек ара кызматы өзбек тараптын мындай иш-аракеттери тууралуу азырынча комментарий бере элек. Расмий Ташкент Кыргызстан менен чек арасын 27-августтан 10-сентябрга чейин жапкан. Мындай кадамын өлкөнүн эгемен күнүн жана Ташкент шаарынын 2200 жылдыгын белгилөө менен түшүндүргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG