Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Иран сүйлөшүүлөргө даяр


Тегеран атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантууга даяр. Мындай кабарды өлкөнүн ядролук маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдөгү расмий өкүлү Саед Жалилиге шилтеме жасап Ирандын араб тилиндеги телеканалы таркатты. Ал маалыматка ылайык, Тегеран өз сунуштарынын жаңы долбоорун иштеп чыкты. АКШ президенти Барак Обама Иран бийлиги ушул айдын этегине чейин Батыштын үндөөлөрүнө көнүп, сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурбаса, өлкө экономикалык жаңы санкцияларга кабылат деп эскерткен. Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп шектенүүдө. Тегеран болсо андай айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG