Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

1300 кыргыз жараны Кореяга иштөөгө чакыруу күтүүдө


Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Эркинбек Турдалиевдин билдиришинче, былтыр Корея тараптан эки миң кыргыз жараны үчүн квота бөлүнүп, 700 кыргызстандык жаран жөнөп кеткен. Калгандары атайы даярдоочу курстардан өтүп, чакырууну гана күтүп жатышат. Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин маалыматында, учурда Кореяда жалпы үч жарым миңге жакын кыргыз жараны бар. Алар негизинен курулуш иштеринде, кичи заводдордо жана фермаларда иштешет. Кошумчалай кетсек, былтыр ал жакта иштеп жүргөн 500 кыргыз кызы кореялыктарга турмушка чыгышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG