Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:43

Бирдик айылы жаңы мектептүү болду


Аламүдүн районундагы Бирдик айылында кечээ 1-сентябрда «Эврика» билим берүү борбору ачылды. Буга чейин эскилиги жетип, каралбай калган имарат Америка тараптын колдоосу менен оңдолуп-түздөлүп, ишке кирди. Эми айылдын окуучулары коңшу айылга барбай, өз айылында билимин улантышат. Мектепке 140 окуучу жана 25 мектеп жашына чейинки балдар батат. 540 миң доллар каражат сарпталган бул долбоор АКШ элчилигинин аскердик кызматташуу боюнча бөлүмү тарабынан иштелип чыккан. Долбоордун өзү АКШнын борбордук командачылыгы жана Манас аэропортундагы Транзиттик борбордун каржылык колдоосу астында ишке ашырылды. Бул мектеп акыркы 4 жылда Америка тараптын колдоосу менен оңдолгон 4 мектептин бири болуп калды. (AzK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG