Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары жолугушту


Бүгүн Баткен шаарында өткөн чек арачылардын жолугушуусуна Тажикстандын Исфара аймактык чек ара отрядынын командири Рахматтула Арипов жана Баткендеги чек ара отрядынын зардалы Саитжан Эратов жетектеген топ катышты. Жыйын соңунда берилген малыматка ылайык, эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматтары мындан ары чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү, талаштуу аймактарды биргеликте көзөмөлдөө багытында макулдашты. Андан сырткары жакында бул аймакта өтүүчү ЖККУ уюумуна кирген өлкөлөрдүн чек арачыларынын иш чарасына даярдыктар тууралуу сөз болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG